Бактыбек Анаркулов Суу ресурстары кызматынын директору болуп дайындалдыОш шаарында шахмат боюнча ардагерлер арасында Азия чемпионаты башталдыЖакынкы Чыгыштагы туруксуздук Борбор Азияга таасир этет — ЖККУ башчысыЭми чет өлкөлүктөр Казакстанга кирүү үчүн электрондук уруксат алышы керек болотКыргызстанга картошканы сырттан ташып келүүгө алты айга тыюу салындыMBANKтын жаңы «Маниполия» акциясында 50 млн сомдук 350 миң байге ойнотулат
Кара-Сууда 10 жаштагы инисинин өлүмүнө шектелип эжеси кармалды
26.03.2024 | 14:41
Ош облусунун Кара-Суу районунда 2006-жылы туулган кыз 10 жаштагы инисин өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул маалыматты облустук милициядан ырасташты.
Маалыматка караганда, окуя 25-мартта Кызыл-Кыштак айыл аймагында болгон. Текшерүү иштеринин жүрүшүндө 10 жаштагы баланы 2006-жылы туулган эжеси учтуу нерсе менен моюн тарабына сайып алгандыгы аныкталган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесине (адам өлтүрүү) ылайык кылмыш иши козголгон. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.
Шектүү катары маркумдун эжеси кармалган. Анын бөгөт чарасы сот тарабынан каралат.