Балбак Түлөбаев жаңы кызматка дайындалабы? Депутаттын жообу

Балбак Түлөбаев жаңы кызматка дайындалабы? Депутаттын жообу

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев жаңы кызматка дайындала турганы тууралуу маалыматтар боюнча комментарий берди.

Reporter.kg’ге өздүк булактары Балбак Түлөбаев жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматына дайындалары тууралуу билдирген. Ошондой эле, алар буга чейин Түлөбаевге «Альфа Телеком» ЖАКсын (MEGA соода маркасы) жетектөө сунушу болгонун да кошумчалаган.

Маалыматты тактоо үчүн депутат Балбак Түлөбаевге байланышканыбызда, ал аталган маалыматтарды төгүндөп, депутаттыктан кетпей турганын, жаңы кызматка баруу тууралуу сунуш түшпөгөнүн билдирди.

«Бул маалыматтар жалган», — деди ал.

Эскерте кетсек, Балбак Түлөбаев 2021-жылдагы шайлоодо «Ынтымак» партиясынын катарында Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып келген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>