Каржы министри «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулунун акчасын көтөрүүнү колдобойт (видео)

Каржы министри «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулунун акчасын көтөрүүнү колдобойт (видео)

Каржы министрлиги аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилген «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулунун суммасын көтөрүүнү колдобойт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында каржы министри Алмаз Бакетае билдирди.

Бакетаевдин айтымында, «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулу 2021-жылы 875 сом болгон. 2022-жылы алар аны 1 миң 200 сомго көтөргөн.

Депутат Элдар Абакиров инфляцияны эске алып, келерки жылы бул жөлөкпулдун суммасын көтөрүү керектигин билдирди.

Бирок министр депутаттын сунушун колдобой турганын, бир жөлөкпулду көтөрсө, башка жагынан да чыгымдар көбөйө турганын айтты.

Абакиров сөзүн улантып, Токмокто аталган жөлөкпулду алган 9 балалуу эне менен жолукканы тууралуу айтып берди.

«Өткөн аптада бир эже менен жолуктум. 9 баласы бар экен. Күйөөсү 60ка чыгып калыптыр, майыптыгы бар экен. Эженин өзү «Глобуста» тазалыкты карап иштейт экен. Үйү жок. 9 баланын кичүүсү алтыда, улуусу 26да. «Үй-бүлөгө көмөк» алат экен. Айлыгы 20 миң сом. Бул акчага кантип жашашат? Мындай үй-бүлөлөр көп же аз экенин айта албайм, бирок андай адамдарга жөлөкпул берилип, инфляцияга жараша туура сумма бөлүнүш керек», — деди ал.

Бакетаев депутаттын сунушун колдой албай тургандыктарын дагы бир жолу айтты.

Абакиров  «үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулунун акчасын көбөйтүү демилгесин Жогорку Кеңештин жалпы жыйында көтөрө турганын билдирди.

«Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулу 16 жашка чейинки балдары бар, муктаж болгон үй-бүлөлөргө берилет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>