Казакстанда 1-марттан тарта тамекинин баасы кымбаттайт

Казакстанда 1-марттан тарта тамекинин баасы кымбаттайт

Казакстандын Каржы министрлиги чыпкаланган жана чыпкаланбаган тамекилерге минималдуу чекене бааны белгилөө боюнча буйрук чыгарды. Бул тууралуу «ОРДА» басылмасы жазды.

2022-жылдын 1-мартынан тартып 20 даана чыпкаланган жана чыпкаланбаган тамекилердин бир кутусуна баа төмөнкүдөй белгиленет:

2022-жылдын 1-мартынан 2022-жылдын 30-июнуна чейин 550 теңге;

2022-жылдын 1-июлунан 2022-жылдын 31-декабрына чейин 570 теңге;

2023-жылдын 1-январынан баштап 600 теңге.

Өткөн жылдын 1-июлунан тарта “Элдин саламаттыгы жөнүндө” кодекстин нормасы күчүнө кирген, ага ылайык тамеки каражаттарын дүкөндөрдүн витриналарына ачык коюуга тыюу салынган. Бул тамеки чеккендерди жана көз карандылыкты таштоого аракет кылгандарды импульсивдүү сатып алуулардан коргоо үчүн жасалат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>