Кыргызстанда КМШ өлкөлөрүнүн армиялары арасында ок атуу боюнча чемпионат башталды«Бардыгы көчүрүлбөйт»: Дамир Осмонов кайсы ооруканалар шаар сыртына чыгарыларын айттыҮч унаасын ээлеп алган: Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалдыБШК бир нече жергиликтүү кеңештин депутаттарын мандатынан ажыраттыСууну үнөмдөө гана жетишсиз — эксперт Булат Есекин Борбордук Азиянын келечеги тууралуу«Тез балык жай балыкты жутат»: МинКабдын мурдагы башчысы Борбордук Азиядагы чакырыктар тууралуу
Казакстанда 21 жаштагы кыз парламент депутаты болду
14.01.2021 | 16:17
Казакстанда 21 жаштагы кыз парламент депутаты болду. Бул тууралуу Казакстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Казакстанда 10-январда парламенттин мажилисине (төмөнкү палата) шайлоо болуп, беш партиянын ичинен үчөө, “Нур Отан”, “Ак Жол” жана Казакстандын элдик партиясы өткөн. Мына ушул жеңүүчү болгондордун бири “Нур Отан” партиясынан 21 жашка жаңы толгон шахматчы Жансая Абдумалик аттуу кыз Казакстандын парламенттине депутат болууда.
Ал 2019-жылы 20 жашка чейинкилер арасындагы дүйнөнүн мыкты шахматчысы аталган.
21 жаштагы кыздын депутат болуусу Казакстанда интернет колдонуучуларынын талкуусуна түшүп, айрымдары “куурчак ойно” десе, айрымдары “бюрократтардын жанында отурбай, келечегин шахматтан издеши керек” деп жазышууда.
View this post on Instagram
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар