Энергетика министрлиги менен кытайлык China Southern Power Grid International ишканасы кызматташатКыргызстанда президенттик шайлоону январда өткөрүү сунушталган мыйзам долбоор коомдук талкууга коюлдуАт-Башыда тоодо калып калган нидерланддык турист куткарылдыБишкекте Кореянын «Театр алдыга умтулат» театралдык программасы тартууланатКыргызстан менен Швейцария эл аралык автомобиль ташуулар боюнча келишимге кол коюштуКыздын сөйкөсүн алдоо жолу менен чечип алган аял буга чейин да ушул сыяктуу кылмыш жасаган болушу мүмкүн
Казакстанда жол кырсыгынан 23 адам жаракат алды
24.09.2019 | 18:19
Нур-Султанда автобус менен жүк унаасынын кагылышуусунан 22 жүргүнчү жана автобустун айдоочусу жаракат алды. Бул тууралуу шаардык полиция департаментинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсык 23-сентябрда борбордук көчөлөрдүн биринде болгон. Жүк унаасы негизги жолдо бараткан автоунаага жол бербей коюп, жыйынтыгында автобус менен сүзүшкөн.
Автобустун айдоочусу ооруканага жаткырылып, 22 жүргүнчү медициналык жардам алгандан кийин үйлөрүнө кетишкен.
Полиция бул кырсык боюнча тергөө иштери башталганын билдирди.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар