Казакстандын президентти чет элдиктерге жер сатууга тыюу салды

Казакстандын президентти чет элдиктерге жер сатууга тыюу салды

Казакстандын президентти Касым-Жомарт Токаев чет элдиктерге жер сатууга жана ижарага берүүгө тыюу салган мыйзам долбоорун иштеп чыгууну тапшырды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык,  Коомдук ишенимдин улуттук кеңешинин отурумунда Казакстандын президентти Касым-Жомарт Токаев чет элдиктерге жер сатпоону мыйзамдаштырууну табыштаган.

“Чет элдиктерге жана чет өлкөлүк юридикалык жактарга айыл чарба багытындагы жерлерди сатууга жана ижарага берүүгө тыюу салуучу мыйзам кабыл алууну тапшырам. Бул акциялары бар чет өлкөлүк  юридикалык жактарга дагы тиешелүү. Муну тез арада президенттин мыйзам чыгаруу демилгеси менен жасалышы керек деп таптым. Президенттик администрация бул маселе боюнча тиешелүү мыйзам долбоорун иштеп чыгышы керек”, — деген Токаев.

Ал ошондой эле, бир айдын ичинде жерди реформалоо боюнча комиссия түзүлүп, 25-марттан тарта иштеп башташы керектигин табыштаган.

Рубрики: ДҮЙНӨДӨН

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>