Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү — Садыр ЖапаровСаламаттыкты сактоо министрлигинин мурдагы башчысы менен УКМК төрагасынын мурдагы орун басары пара алууга айыпталуудаКыргызстан боюнча 20 миңден ашык видеокөзөмөл камералары орнотулат — ИИМАнкаранын Борбор Азиядагы аскердик-өнөр жай комплекси: учкучсуз учактардан аскердик экосистемаларга чейинЧүй облусу гана эмес, бүтүндөй Кыргызстан өнүгүүдө — Болот ИбрагимовКөргөзмөлөр, улуттук тамак-аштар жана концерт: Бишкекте Чүйдүн 100 жылдык мааракеси белгиленүүдө
Кечинде көчөдө жүргөн 100дөй өспүрүм кармалып, ата-энелерине айып пулдар салынды
20.03.2025 | 15:27
Бишкек шаарында кечинде чоңдордордун коштоосу жок жүргөн өспүрүмдөр аныкталып, алардын ата-энелерине айып салынды. Бул тууралуу шаардын Биринчи Май райондук милициясы билдирди.
Жашы жете электердин иштери боюнча инспекциясы тарабынан 17-20-март күндөрү рейд жүргүзүлүп, кечки саат 22:00дөн кийин көчөдө жүргөн 100гө жакын өспүрүм аныкталып, алардын ата-энелерине 1000 сомдон айып пул салынган.
Ал эми 2 өспүрүм ИИМдин Жашы жете электердин арасында укук бузуулардын алдын алуу борборуна жеткирилген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар