Кемпир Абад иши боюнча Орозайым Нарматовага айып тагылган эмес

Кемпир Абад иши боюнча Орозайым Нарматовага айып тагылган эмес

Биринчи май райондук сотунда каралып жаткан “Кемпир Абад иши” боюнча айыпталуучулардын катарында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова жок. Бул тууралуу соттон билдиришти.

Маалыматты Нарматованын жактоочусу Гулянда Убалиева Reporter.kg’ге ырастады.

Анын айтымында, мурдагы депутаттын иши жалпы иштен бөлүнүп алынып, сотко өткөн эмес. Учурда тергөө дагы убактылуу токтотулган.

“Аталган кылмыш иши тергелип сотко өткөн кезде, Орозайым Нарматова ооруп жаткандыгына байланыштуу анын иши бөлүнүп алынган. Ал деле ошол “кемпир абадчыларга” коюлган Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярданууга” шектелүүдө. Бирок иш азыр убактылуу токтотулган, буга байланыштуу Орозайым Нарматованын бөгөт чарасы боюнча чечимдин дагы күчү жок”, — дейт Гулянда Убалиева.

Жактоочу Орозайым Нарматова «Каса-Италия» кафесинде болгон жолугушууга катышпаганын, ал Москвада болгонун айтып, аны иши кыскартылышы керектигин белгилейт.

Эскерте кетсек, 2022-жылы 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган.  Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Аталган иш боюнча айыпталып жаткан 25 адамдын 11  камакта. Калганын бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.

Учурда иш Биринчи май райондук сотунда каралып жатат.

Орозайым Нарматова үй камагына чыкты

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>