Кемпир-Абад иши боюнча соттолуп жаткан саясатчылардын дагы бирөө бошотулду

Кемпир-Абад иши боюнча соттолуп жаткан саясатчылардын дагы бирөө бошотулду

Кемпир-Абад иши боюнча соттолуп жаткан Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыров үй камагына чыкты. Бул тууралуу маалыматты Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту билдирди.

Анын бөгөт чарасы бүгүн каралып, 20-майга чейин үй камагына өзгөртүлдү.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Кубанычбек Кадыровду абактан мамлекеттик резиденцияга алып кетишкенин жазып чыккан.

19-апрелде аталган иш боюнча дагы бир айыпталуучу Бектур Асановго Түркияга барып дарыланууга уруксат берилди.

Эскерте кетсек, 2022-жылы 23-октябрында кармалган 25 адамдын (Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитетинин мүчөлөрүнүн) 11и  камакта, калганын бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.

Алар Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси менен «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярданууга» айыпталып, иш Биринчи май райондук сотунда каралып жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталган Бектур Асановго чет өлкөгө чыгууга уруксат берилди

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>