Ырчы Аскат Жетиген УКМК тарабынан кайра кармалды

Ырчы Аскат Жетиген УКМК тарабынан кайра кармалды

Ырчы, акын жана активист Аскат Жетиген УКМК тарабынан кайра кармалды.

Жактоочу Венера Буудайбекова «Азаттыкка» билдиргендей, Аскат Жетигендин 15-марттагы жасаган видеокайрылуусу боюнча экспертизанын жыйынтыгы чыгып, анын негизинде акынга «массалык баш аламандыктарга чакырыктар» беренеси менен дагы бир эпизод боюнча кылмыш иши козголгон. 15-марттагы видеокайрылууда Аскат Жетиген бийликти сындап, каарып-сөккөн.

Акын Биринчи май райондук сотуна жеткирилип, бөгөт чарасы каралганы турат.

Эскерте кетсек, УКМКнын кызматкерлери 16-мартта Аскат Жетигенди Кочкордон кармап, Бишкекке алып кеткен. Анда Аскат Жетиген 2022-жылы козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалганы кабарланган. УКМК ага «бийликти басып алууга чакырык жасоого» айып таккан.

Акын 48 саат камакта болгондон кийин 18-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан аны эч жакка кетпөө тилкаты менен бошотулган.

Аскат Жетиген 2021-жылдан баштап азыркы бийликтин аракеттерин кескин сындаган видеокайрылууларды чыгарып келген. Анын ичинде кумаркананы иштетүү, тууну өзгөртүү боюнча каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы реформаларды айыптаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>