Медиктерди сөгүп, кордоп, кол көтөргөндөр эми жазаланат

Медиктерди сөгүп, кордоп, кол көтөргөндөр эми жазаланат

Медицина кызматкерлерин коргоого алган мыйзам долбоору иштелип чыкты. Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашева Укук бузуулар кодекси жана Кылмыш-Жаза кодексине өзгөртүү сунуштайт.

Кылмыш-Жаза кодекси боюнча кызматтык милдеттерин аткарып жаткан жарандарга карата жасалган жосундар  50 миң жана 100 миң сомго чейин айыппул же ээлеген кызматынан алынып, 6 айдан бир жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү иштерине тартуу менен жазаланат.

Медициналык кызматкерлерди сөгүп, кордоп тийишүү, адепсиз жаңсоолорду көрсөтүп, жалпыга маалымдоо каражаттары же башка аянтта сый көрсөтпөө дагы жазасыз калбайт. Мындай укук бузууга барган жарандар – 10 миң сом, юридикалык жактар 25 миң сом айыпка жыгылат.

“Медициналык кызматкерлерге карата зомбулук олуттуу көйгөй болуп саналат, ал өзгөчө көңүл бурууну жана тез арада чара көрүүнү талап кылат. Бул алардын кызматынын сапатына таасир берет”, — дейт Айсулуу Мамашева.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>