Кемпир-Абад иши: Дагы тогуз киши 20-февралга чейин камакта калды

Кемпир-Абад иши: Дагы тогуз киши 20-февралга чейин камакта калды

Бүгүн, 27-декабрда Бишкек шаардык сотунда Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча өтүнүчтөрдү кароо уланды.

Бишкек шаардык соту Клара Сооронкулова, Перизат Суранова, Гүлнара Журабаева, Жеңиш Молдокматов, Илгиз Шаменов, Али Шабдан, Кубанычбек Кадыров, Кеңешбек Дүйшөбаев, Улукбек Маматаевдин баш коргоо чарасын өзгөртүүсүз калтырып, камакта калтыруу чечимин чыгарган. Алар 20-февралга чейин камакта болот.

Ошондой эле Айбек Бузурманкуловдун бөгөт чарасын караган соттук отурум жактоочусу келбегендигине байланыштуу 29-декабрга жылдырылган.

Эскерте кетсек, 26-декбарда соттун чечими менен Мамбетжунус Абылов, Акыл Айтбаев, Эрлан Бекчоро уулу, Рита Карасартова, Атай Бейшенбек, Равшан Жээнбеков, Марат Баязов, Бектур Асанов жана Чыңгыз Капаровдор камакта калтырылган.

Эскерте кетсек, «массалык башаламандыктарга даярдык көрүүгө» шектелип кармалгандардын ичинен 15тен ашык киши бир нече күндөн бери ачкачылык кармап жатышат. Алардын ичинен Перизат Суранова, Орозайым Нарматова жана Али Шабдандын ден соолугу начарлаганы айтылууда.

22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынып, кийинчерээк 20-февралга чейин камакта калтырылган.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>