Садыр Жапаровдун адвокаты болгонсуз. Депутат Жогорку соттун төрагасына кайрылды

Садыр Жапаровдун адвокаты болгонсуз. Депутат Жогорку соттун төрагасына кайрылды

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин 27-декабрындагы жыйынында депутат Жанарбек Акаев Кемпир-Абад маселеси боюнча кармалган адамдардын иши боюнча Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбековго кайрылды.

Депутаттын айтымында, коомчулукта күндөн күнгө сот органдарына жана бийликке нааразычылыктар күчөп жатат.

“Өзүңүз мурда адвокат болгонсуз. Көптөгөн мыйзамсыз окуяларды көргөнсүз. Убагында азыркы президент Садыр Жапаровдун укугун коргогонсуз. Азыр сиз жактоочу болуп жүргөн убакыттан дагы кеминде беш эсе мыйзамсыз иштер болуп жатат. Бүгүнкү сотто активист Перизат Суранованы апасы менен көрүштүрбөй алып кетиптир. Мыйзам ошондой болсун, бирок, адамгерчилик болушу керек да. Гумандуулук кылып, эскертүү берип, бул ишти өзүңүз көзөмөлгө алышыңарды өтүнөм. Бийликке болгон нааразычылыктын бири сотко болгон ишенбөөчүлүк болууда”, — деди Жанарбек Акаев.

Эл өкүлүнүн айтымында, бул боюнча аларга кайрылгандар көп болууда.

“Жөн гана жоктон бар кылып, иштин токулганы туура эмес. Жаш кыздарды Москвадан бери алып келип (Орозайым Нарматова — ред.) камашты. Алардын ачкачылык жарыялаганы, кудай сактасын, эгер кырсык болуп кетсе, президентке жана азыркы бийликке жабылган чоң көө болуп калат. Бизге көп кайрылуулар келип жатат. Эл арасында ушинтин нааразычылыктар жаралат. Азыр ошол процесс кетти. Ошон үчүн бул маселе сиздин колуңузда. Мыйзамдуулукту орнотуп, ушул маселени өзүңүз карап, жарандар чыгышы керек деген ойдомун. Жок дегенде үй камагына чыгарыш керек деп эсептейм”, — деди депутат.

Ал эми Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков сот реформасын жүргүзүү аракети учурунда сын-пикир, сунуштар эске алынарын айтты.

“Учурда алардын күнөөсү барбы же жокпу биз айта албайбыз. Аны тергөө органдары жана прокуратура далилдеш керек. Жогорку сотко келгенден кийин дагы карайбыз”, — деди Базарбеков.

Белгилей кетсек, бүгүн, 27-декабрда Бишкек шаардык сотунун чечими менен Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын дагы тогузоо камакта калтырылды. Алар — Клара Сооронкулова, Перизат Суранова, Гүлнара Журабаева, Жеңиш Молдокматов, Илгиз Шаменов, Али Шабдан, Кубанычбек Кадыров, Кеңешбек Дүйшөбаев, Улукбек Маматаев.

Эскерте кетсек, «массалык башаламандыктарга даярдык көрүүгө» шектелип кармалгандардын ичинен 15тен ашык киши бир нече күндөн бери ачкачылык кармап жатышат. Алардын ичинен Перизат Суранова, Орозайым Нарматова, Али Шабдандын ден соолугу начарлаганы айтылууда.

22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынып, кийинчерээк 20-февралга чейин камакта калтырылган.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>