АКШ Кыргызстандагы төрт компанияга санкция салды

АКШ Кыргызстандагы төрт компанияга санкция салды

АКШнын Каржы министрлиги Орусияга микрочиптерди жана башка технологияларды жөнөткөн төрт кыргыз компаниясына санкция салды. Бул тууралуу АКШнын Казына департаменти расмий билдирди.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандагы RM Design and Development, “ГТМЕ Технологии”, “Прогресс лидер” жана “Карголайн” компанияларына жана алардан товар алып турган орусиялык ишканалар (“Базис Трейд Прософт”, “Радиотехснаб”, “Регион-проф”, “Технологии, системы и комплексы”, “СиАйСи”) АКШнын кара тизмесине киргизилди.

“Кыргызстанда жайгашкан ишканалар Орусия Украинадагы толук масштабдуу баскынчылыгын баштагандан бери санкция салынган электрондук компоненттерди жана башка технологияны Орусияга маал-маалы менен жөнөткөн экспорттоочуларга айланган. Алар жөнөткөн товарлардын айрымдары Орусиянын коргоо тармагындагы ишканаларды кош багыттагы товарлар менен жабдыган”, — деп айтылат АКШнын расмий маалыматында.

Белгилеп кетсек, санкция салынган компаниялардын төртөөсү тең 2022-жылы негизделген.

Эске салсак, УКМК Орусияга карата АКШ жана Батыш өлкөлөрү киргизген чектөө режимин бузгандыгы үчүн жеке компанияларды иликтөөнү баштаган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>