Кемпир-Абад иши: Клара Сооронкулова үй камагына чыкты

Кемпир-Абад иши: Клара Сооронкулова үй камагына чыкты

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган Конституциялык соттун мурдагы судьясы Клара Сооронкулова үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Бүгүн, 12-апрелде райондук соттун чечими менен Сооронкулованын бөгөт чарасы өзгөртүлүп, ал 20-июнга чейин үй камагына чыгарылды.

Ал былтыр 22-октябрдан бери камакта болгон.

Эскерте кетсек, 2022-жылы 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>