Кемпир-Абад маселеси: Милиция сурак боюнча билдирүү таратты

Кемпир-Абад маселеси: Милиция сурак боюнча билдирүү таратты

Кемпир-Абад маселеси боюнча суракка чакырылган активисттер боюнча Ош облустук милиция билдирүү таратты.

Ал билдирүүдө, “2022-жылдын 17-октябрь күнү кечинде Өзгөн районунун Куршаб, Кызыл-Октябрь айылынын «Кемпир-Абад Кыргыз жери» деген ватсап группасында Кызыл-Октябрь айылынын жашоочулары Ош-Бишкек автоунаа жолун 2022-жылдын 18-октябрь күнү саат 10:00до тособуз деп аудио үн аркылуу маалымат таратышкан.

Ал маалымат Өзгөн РИИБдин МЭЖне  катталып Өзгөн РИИБдин тергөө кызматына  тергөө тапшырмасы берилип анын негизинде аудио үн ким экендиги аныкталып, 2022-жылдын 18-октябрь күнү Өзгөн РИИБдин тергөө  кызматына Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынын 1959-ж.т. К. К жана 1962-ж.т. Б. А камсыздалып, сурак кылынган.

Алар өздөрүнүн телефондорундагы аудио жазмаларын тергөө кызматына өз ыктыялары менен тапшырышкан.Ошондой эле сурак учурунда жол тосууга мыйзам жол бербей тургандыгын түшүндүрүп, мыйзам чегинде жоопко тартылаары эскертилип үйүнө коёо берилген. Аталган жарандар 2022-жылдын 18-октябрь күнү саат 17:00 чамасында тергөөгө алынып келинип саат 18:30 чамасында көёо берилген”- деп айтылат билдирүүдө.

Буга чейин активисттердин суракка алынганы боюнча маалымат тараган. 

Кемпир-Абад маселеси боюнча активисттер суралды (видео)

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>