Кемпир-Абад: Сот камалгандардын баш коргоо чарасын кароодо

Кемпир-Абад: Сот камалгандардын баш коргоо чарасын кароодо

Бүгүн, 9-ноябрда Бишкек шаардык сотунда «массалык башаламандыктарга даярдык көрүүгө» шектелип кармалган активист жана саясатчылардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча жактоочулардын арызы каралууда.

Учурда сот БШКнын экс-мүчөсү Гүлнара Журабаеванын баш коргоо чарасын кароодо. Бүгүн ошондой эле, Кеңешбек Дүйшөбаев, Али Шабдан, Атай Бейшенбек, Таалай Мадеминов, Айбек Бузурманкулов, Клара Сооронкулова, Кубанычбек Кадыров, Нурлан Асанбеков жана Перизат Суранованын баш коргоо чарасы каралат.

Сот Гүлнара Журабаеваны 20-декабрга чейин камакта калтырды. 

Ошондой эле, сот активисттер —  Али Шабдандын жана Перизат Суранованын кармалышын мыйзамдуу деп тапты.

Мындан тышкары, активист Атай Бейшембек дагы 20-декабрга чейин камакта калтырылды.

Эскерте кетсек, 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан кармалгандар эки айга камакка алынган. 

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу) менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Жапырт камоолор. Канча киши жана кимдер камалды?

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>