Кенже сержант Асанакунова айткан мыйзам бузуулар боюнча 4 адам кармалды

Кенже сержант Асанакунова айткан мыйзам бузуулар боюнча 4 адам кармалды

Аскер прокуратурасы кенже сержант Жылдыз Асанакунованын Караколдогу 2028 аскер бөлүгүндөгү мыйзам бузуулар тууралуу билдирүүсү боюнча текшерүү жүргүзүп, 4 адам кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Асанакунова өзүнүн видеокайрылуусунда айткан 5 факт боюнча мыйзам бузуулар аныкталган. Ага байланыштуу аскер бөлүктүн жооптуу кызмат адамдарына карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу), 346-беренеси (кызматтык жасалмачылык), 210-беренеси (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу, коротуу) жана 131-беренеси (ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү) менен кылмыш иши козголду.

Кылмыш иштин алкагында шектүү катары аскер бөлүктүн командири А.Б., анын орун басары Б.К., прапорщик К.К. уулу жана жеке ишкер Т.Е. кармалып, камакка алынды.

Учурда тергөө иштери улантылып, кылмышка тиешеси бар башка адамдар такталууда.

Эскерте кетсек, буга чейин Жылдыз Асанакунова Караколдогу 2028 аскер бөлүгүндө жоокерлер ур-токмокко кабылган учурлар бар экенин, аларга сапаты начар тамак, айрым учурда өлгөн малдын эти берилерин билдирип чыккан.

Анын кайрылуусунан кийин УКМКнын Чек ара кызматы жана УКМК билдирүү жасап, Жылдыз Асанакунованын айткан сөздөрү тастыкталбаганын айткан.

УКМК жана Аскердик прокуратура №2028 аскер бөлүгүн текшерүүдө

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>