Энергетика министрине жаңы укуктар берилди. Алар кайсылар?

Энергетика министрине жаңы укуктар берилди. Алар кайсылар?

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстанда 2023-жылдын 1-августунан тартып, 2026-жылдын 31-декабрына чейин энергетика тармагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Мындай чечим климаттык чакырыктарга, Нарын дарыясынын бассейнине суунун аз киришине, энергияны керектөөнүн тездик менен ашыкча өсүшүнүн шартында генерациялоочу кубаттуулуктун жетишсиздигине байланышкан энергетикалык кризистен Кыргызстанды чыгаруу боюнча шашылыш чараларды көрүү максатында кабыл алынды.

Ошондой эле, президент Садыр Жапаров өзүнүн жарлыгы менен өзгөчө кырдаал режими колдонулган мезгилде Министрлер кабинетине жана энергетика министри Таалайбек Ибраевге оперативдүү тартипте төмөнкүдөй өзгөчө укук берүүнү тапшырды:

— жер жана суу фонду, жер казынасын пайдалануу маселелерин тескеген Кыргызстандын айыл чарба, жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлеринин орун басарларынын, Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун, “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин, “Кыргызгеология” мамлекеттик ишканасынын директорлорунун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларынын Кыргызстандын  аймагында энергетика чөйрөсүндөгү долбоорлорду ишке ашыруу бөлүгүндө ишин жалпы координациялоону жүзөгө ашырууга;

— ушул жарлыктын 2-пунктунун 2-пунктчасынын экинчи абзацында көрсөтүлгөн кызмат адамдарын ушул жарлыкты ишке ашырууга байланышкан чаралар талаптагыдай аткарылбаган учурда ээлеген кызматынан бошотуу жөнүндө сунуштарды киргизүүгө;

— энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн жарактуу жер участокторун инвентаризациялоону жүргүзсүн жана

— 2023-жылдын 1-сентябрынан тартып белгиленген тартипте энергетика чөйрөсүндөгү объекттерди курууга арналган, максаттуу багыты боюнча пайдаланылбаган же техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу, энергетикалык объекттерди долбоорлоо жана куруу боюнча иштер баштала элек жер участокторун пайдалануу укугун токтотууну демилгелесин;

— энергетика тармагындагы мамлекеттик катышуу үлүшү бар мамлекеттик ишканаларга, акционердик коомдорго жана алардын туунду коомдоруна өзгөчө кырдаалдын көрсөтүлгөн режимин киргизүү менен байланышкан иш-чараларды жүзөгө ашыруунун алкагында товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү бир булактан методу менен сатып алууга уруксат берсин;

— Кыргызстандын энергетика министринин ушул жарлыктын талаптагыдай аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилигин белгилесин.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>