Киевде миңдеген кишинин сөөгү табылды

Киевде миңдеген кишинин сөөгү табылды

БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши орус аскерлери чыгып кеткенден кийин Киев облусунда миңдеген кишинин сөөгү табылганын билдирди.

Кеңештеги добуш берүүнүн алдында БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Мишель Бачелет бул окуяны аскердик кылмыш катары квалификацияласа болорун айтты. «Өлтүрүүлөрдүн масштабы, анын ичинде Киевдин түндүгүндөгү жапырт адам өлтүрүү көрүнүштөрү төбө чачты тик тургузат», — деди Бачелет.

Кеңеште орус аскерлери Киев облусундагы айрым шаарлар менен айылдарды ээлеп алгандан кийин ал жерлерде эмне болгону боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүү маселеси талкууланды.

Киев облусу орус оккупациясынан бошотулгандан кийин бир катар шаарлар менен айылдарда жайкын тургундардын сөөктөрү табылган. Алардын ичинен Бучада бери дегенде эле 400 киши өлтүрүлгөнү ырасталган.

Москва Украинада жайкын тургундар жапырт өлтүрүлгөнү жана орус аскерлери жарандык инфраструктураны талкалап жатканы тууралуу билдирүүлөрдү четке кагып келет.

Ал ортодо Орусиянын аскерлери жайкын тургундарды жапырт өлтүрүп жатканы тууралуу документтер менен күбөлөрдүн айткандары спутниктен тартылган сүрөттөр жана видеокөзөмөл камералары менен ырасталды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>