ККМге каршы митингдер. Президент комиссия түзүүнү тапшырды

ККМге каршы митингдер. Президент комиссия түзүүнү тапшырды

Кыргызстандагы базарларда иштеген соодагерлер кассалык-көзөмөл машиналарды колдонууга каршы өткөргөн митингдерге байланыштуу президенттин тапшырмасы менен комисссия түзүлдү. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, комиссиянын жыйынтыгы менен министрлер кабинетинин чечими туурабы же базарда отурган соодагерлердин талабы туурабы белгилүү болот.

«Белгилүү болгондой, буга чейин мамлекет башчысы Садыр Жапаров «бир жылда соодасы 8 миллион сомдон ашпагандар бир тыйын төлөбөйт» деген. Бул деген соодасын жаңы баштагандар, акча айлантуусу аздар «бутуна туруп кетсин» деген саясат болчу.

Азыр эми «Менин соодам 8 миллиондон ашпайт деген» соодагерлердин соодасы 50дон 100 миллионго чейин ашып кеткен фактылар аныкталып калды. Ошол үчүн ККМ колдонгула деген талап болуп жатат. Кыскасы, жыйынтыгын комиссиянын чечиминен кийин жарыялайбыз», — деп жазды Алагөзов.

Эскерте кетсек, буга чейин өлкөдөгү базарларда иштеген соодаргерлер ККМге каршы митингдерге чыгышкан.

ККМге каршы акцияга Ош, Каракол, Талас, Кара-Балта кошулду

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>