КМШ өкмөт башчылары Астанада эмне тууралуу макулдашты? Тизме

КМШ өкмөт башчылары Астанада эмне тууралуу макулдашты? Тизме

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Астана шаарына жумушчу сапарынын алкагында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын жамааттык жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда биримдик алкагындагы ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Акылбек Жапаров Касым-Жомарт Токаевди Казакстан Республикасынын 2022-жылы КМШга төрагалык кылуусун ийгиликтүү жыйынтыкташы менен куттуктап, Кыргыз Республикасы уюмга төрагалык кылууну кабыл алууга даяр экендигин белгиледи.

«Кыргыз Республикасы үстүбүздөгү жылы казак тараптын КМШнын төрагасы катары ишин жогору баалайт. Кыргыз Республикасынын 2023-жылдагы төрагалыгы алкагында экология, климат темасы, транспорт, миграция саясаты тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле маданий-гуманитардык жана парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоо маселелери артыкчылыктуу милдеттер катары саналат», — деп жыйынтыктады Акылбек Жапаров.

Мындан тышкары, Астана шаарында КМШ өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги отурумунун жыйынтыгында төмөнкү документтерге кол коюлду:

1. Кызмат көрсөтүүлөрдүн эркин соодасы, инвестицияларды түзүү, ишмердүүлүк жана аны ишке ашыруу жөнүндө макулдашуу жөнүндө;

2. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчылар кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү жөнүндө;

3. Беларусь Республикасында 2023-жылы КМШ өлкөлөрүнүн II Оюндарын өткөрүү жөнүндө;

4. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин санитардык-эпидемиологиялык мүнөздөгү калктын саламаттыгын сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана ага жооп кайтарууу боюнча кызматташтыгы жөнүндө макулдашуу жөнүндө;

5. КМШга мүчө мамлекеттердин илимий-техникалык жана технологиялык кызматташтыгынын концепциясы жана аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө;

6. КМШга мүчө мамлекеттердин химиялык комплексинин тармактарын санариптик трансформациялоо концепциясы жана аны ишке ашыруу боюнча артыкчылыктуу иш-чаралардын планы жөнүндө;

7. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин 2023–2026-жылдарга мамлекеттер аралык радионавигация программасы жөнүндө;

8. «Уран казып алуу өндүрүшүнөн жапа чеккен мамлекеттердин аймактарын рекультивациялоо» Мамлекеттер аралык максаттуу программа жөнүндө;

9. 2030-жылга чейинки мезгилге КМШга мүчө мамлекеттердин инновациялык кызматташтыгынын мамлекеттер аралык программасына юридикалык жана жеке жактардын аккредитациялоонун тартиби жана катышуусунун шарттары жөнүндө жобо жөнүндө;

10. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде 2023-жылы орус тили улуттар аралык баарлашуунун тили катары жылын өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы жөнүндө;

11. КМШга мүчө мамлекеттердин 2023–2024-жылдарга гуманитардык кызматташуу жаатындагы артыкчылыктуу иш-чаралардын планы жөнүндө;

12. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин микробго каршы дармектерге туруктуулукка каршы күрөшүү боюнча биргелешкен аракеттеринин планы жөнүндө;

13. КМШга мүчө-мамлекеттердин 2030-жылга чейинки мезгилге инновациялык кызматташуусунун мамлекеттер аралык программасынын оператору жөнүндө жобо тууралуу;

14. Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигинин органдарынын ишин финансылык жактан камсыз кылуу жөнүндө:

— Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин органдарынын 2021-жылга бирдиктүү бюджетинин аткарылышы жана 2022-2023-жылдары КМШ органдарын финансылык жактан камсыз кылуунун айрым маселелери жөнүндө;

— Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин органдарынын 2023-жылга бирдиктүү бюджети жөнүндө;

— Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин органдарынын кызматкерлерин материалдык жактан стимулдаштыруунун айрым маселелери жөнүндө;

— 2021-жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин абадан коргонуунун бирдиктүү тутумун түзүүгө жана өнүктүрүүгө бөлүнгөн каражаттарды пайдалануу жана Шериктештикке мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешине караштуу Абадан коргонуу маселеси боюнча Координациялык комитеттин ишин камсыз кылуу жөнүндө;

— 2023-жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө мамлекеттердин абадан коргонуунун бирдиктүү тутумун түзүүгө жана өнүктүрүүгө каражаттарды бөлүү жөнүндө;

— 2021-2025-жылдарга КМШга мүчө мамлекеттерде согуштун ардагерлеринин — жергиликтүү чыр-чатактын катышуучуларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашоо сапатын жакшыртуу боюнча мамлекеттер аралык программаны ишке ашыруу боюнча иш-чараларды 2023-жылы каржылоо жөнүндө;

— 2020-2024-жылдары 1979-1989-жылдары Ооганстандагы согушта дайынсыз жоголгон аскер кызматкерлерин, сөөктөр көмүлгөн жерлерди издөө, эксгумациялоо, сөөктөрдү таануу жана өз мекенинде кайра жерге берүү боюнча иш-чараларды жүргүзүүнү улантуу боюнча 2021-жылы аткарылган иштер жөнүндө.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>