Көк бөрү: “Сары-Өзөн” менен “Достук” биринчи орун үчүн беттешет
Бүгүн, 9-майда “Жеңиш кубогу-2023” республикалык мелдешине арналган улуттук спорттун түрлөрү боюнча таймаштар жыйынтыкталат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш Жалал-Абад облусунун “Телтору” ат майданында өтүүдө: көк бөрү, эр эңиш, салбуурун жана башка ат оюндары уюштурулган.
Көк бөрү боюнча мелдештин алкагында Жогорку лигада финалдык оюндар өтөт. “Мурас” менен “Ынтымак” командалары үчүнчү орун үчүн күч сынашса, “Сары-Өзөн” менен “Достуктун” улакчылары биринчиликти талашат.
Күндүн програмасы:
9:00-10:30 — Көк бөрү: “Мурас”-“Ынтымак” (III-IV орун үчүн оюн)
11:00-11:30 — Ачылыш аземи
11:30-12:30 — Эр эңиш (финалдык оюндар)
12:30-15:00 — Ат чабыш
15:00-16:00 — Салбуурун (финалдык беттештер)
16:00-17:00 — Ат оюндары (кыз куумай, тыйын эңмей, эр сайыш, жигит өнөрү)
17:00-18:30 — Көк бөрү: “Сары-Өзөн”-“Достук” (I орун үчүн беттеш)
18:30-19:00 — Сыйлоо аземи.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз