Колдорун скотчтоп, карактап кетишкен. Шектүүлөр кармалды

Колдорун скотчтоп, карактап кетишкен. Шектүүлөр кармалды

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда карактоого шектелип үч жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, райондук милициянын нөөмөт бөлүмүнө 16-декабрь күнү саат 05:00 чамасында Базар-Коргон шаарынын 30 жаштагы тургуну телефон чалып, саат 04:00 чамасында үйүнө 49 жаштагы апасынын бөлмөсүнө беткапчан адамдар киришип, апасынын колдорун жана оозун скотчтоп, 300 миң сом акчасын жана алтын буюмдарын карактап кетишкенин билдирген.

Аталган маалымат каттоого алынып, Кылмыш кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмышка шектүү катары Базар-Коргон районунун 34 жаштагы М.Ш., Ноокен районунун 23 жаштагы Ж.У. жана С.М. аттуу тургундары кармалышкан. Шектүүлөр 25-декабрда убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>