Россия Бишкектеги жерди 2,9 миң долларга 49 жылга ижарага алат

Россия Бишкектеги жерди 2,9 миң долларга 49 жылга ижарага алат

Кыргызстан Россиянын Чек ара кызматына Бишкектен жер тилкени 2 миң 900 долларга көп жылдык (49 жыл) ижарага берет. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Мирлан Бакиров билдирди.

Анын айтымында, Россиянын Чек ара кызматы жеке жактардан эки имаратты сатып алып, андан кийин анын алдындагы жерди ижарага алууну чечкен. Бакиров Россия эки имаратты канчага сатып алганы тууралуу маалыматы жок экенин билдирди.

Ал белгилегендей, жерди көп жылдык ижарага алуунун баасы 2 миң 900 долларды түзөт.

«Бул бир жолу төлөнүүчү төлөм», — деди ал.

Буга чейин Мирлан Бакиров Reporter.kg’ге билдиргендей, ижара бериле турган жердин аянты 1 миң 700 чарчы метрди түзөт.

Эскерте кетсек, быйыл июнь айында Россиянын Чек ара кызматы Бишкектин Жибек Жолу жана Күрөңкеев көчөлөрүндө жайгашкан жерди ижарага алууну пландап жатканы белгилүү болгон.

Аталган даректеги имараттар кызматтык пайдалануу үчүн алынууда.

Россиянын Чек ара кызматы Бишкектен ижарага жер алат

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>