Ош шаарында 249 орундуу заманбап Перинаталдык борбор курулуудаБишкекте Тоголок Молдо көчөсүнүн бир бөлүгү убактылуу жабылатОшто жаңы сквер жана сейил бак курулуудаМамлекеттик бюджеттен респиратордук колдоого муктаж балдар үчүн каражат бөлүндүIT, креативдүү экономика, технология: Бишкекте «Go Viral Festival 2026» фестивалы өтөтАйрым аймактарда жаан жаайт: 8-августка карата аба ырайы
Дайынсыз жоголгон жаран киши колдуу болгон. Окуянын чоо-жайы
23.01.2023 | 18:01
Чүй облусунда адам өлтүрүүгө шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, бүгүн, 23-январда Аламүдүн айылында Чоң Чүй каналында киши колдуу болгон, колу-буту байланган адамдын сөөгү табылган.
Ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө маркумдун өздүгү аныкталып, ал былтыр 19-декабрдан бери дайынсыз болуп жаткан 33 жаштагы А.К. аттуу жаран болуп чыккан.
Милиция кызматкерлери бул кылмышка шектүү катары 22 жаштагы У.Ш. жана 31 жаштагы Д.К. аттуу жарандарды кармаган.
“Алар 19-декабрда А.К.ны сабап, колу-бутун байлап каналдагы сууга ыргытып салганын мойнуна алышты”, – деп билдиришти милициядан.
Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Тергөө уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз