Көмүскө кумар оюндарын уюштургандар түрмөгө кесилет. ИИМдин сунушу

Көмүскө кумар оюндарын уюштургандар түрмөгө кесилет. ИИМдин сунушу

Ички иштер министрлиги Кылмыш-жаза жана Жазык-процесстик кодекстерине өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушун коомдук талкууга койду.

Алар кумар оюндарын мыйзамсыз уюштурууга жана өткөрүүгө тиешелүү. Жашыруун казинолор, мыйзамсыз букмекерлик дүкөндөр жана кумар оюндарынын жабдууларын, анын ичинде интернетте колдонгондор беш жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.

Ошондой эле оордотуучу жагдайлар бар.

«Эгерде ошол эле иш уюшкан кылмыштуу топ тарабынан жасалса же процесске балдар аралашса, анда мындай кылмыш үчүн 7 жылдан 12 жылга чейин жаза берилиши мүмкүн. Мындай оюндарга катышуунун натыйжасында алынган оюн автоматтары, коюм жана утуш баалуулуктары, ошондой эле башка кирешелер, анын ичинде оюн аксессуарлары конфискацияланат», — деп жазылат документте.

Кумар оюндарын уюштуруучу тарабынан мыйзамдын талаптарын бузгандыгы же аткарбаганы үчүн 200 миң сом айып салынат.

Кумар оюндарына салыктын ставкасын төмөндөтүү сунушталууда

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>