Коргоо министрлиги Түркияга аскер чатырларын жөнөтөт

Коргоо министрлиги Түркияга аскер чатырларын жөнөтөт

Коргоо министрлиги Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга гуманитардык жардам катары аскер чатырларын жөнөтөт. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка караганда, жалпы 20 чатыр жиберилет.

“Коргоо министрлигинин арткы базасында 20, 30 жана 40 кишилик, 600 орундуу ар кандай аба ырайына ылайыкталган чатырлар жөнөтүүгө даярдалган. Мындан тышкары, министрликтин өздүк курамы бир күндүк эмгек акысын которуу чечимин кабыл алды”, — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык органдарынын кызматкерлери Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн бир күндүк маяналарын которууда.

Эскерте кетсек, 6-февралда Түркиянын түштүк-чыгышында жана Сириянын түндүгүндө катуу жер титирөөлөр болгон. Анын айынан, акыркы маалыматтар боюнча, Түркияда 24213 киши каза тапты.

Жер титирөөгө байланыштуу Кыргызстан куткаруу иштерине жардам берүү үчүн Түркияга 67 ӨКМ кызматкерин жөнөткөн. Алар Түркиянын Кахраманмараш шаарында иштөөдө. Андан тышкары, Кыргызстан Түркияга гуманитардык жардам жөнөтөрү кабарланган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>