Беш орун басар жана элчи. Апта ичиндеги жаңы дайындоолор

Беш орун басар жана элчи. Апта ичиндеги жаңы дайындоолор

Ушул жылдын 6-февралынан 11-февралга чейин Кыргызстанда бир катар кадрдык өзгөрүүлөр болду. Reporter.kg апта ичинде кызматка жаңы дайындалган жетекчилерди тизмектеди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тиешелүү буйругу менен Марат Тагаев менен Айнура Аскарова Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басарлары болуп дайындалышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы 6-февралда билдирген.

Ал эми Союзбек Надырбеков башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары кызматынан бошотулган.

Ал эми министрдин дагы бир орун басары болуп дайындалган Айнура Аскарова Түмөнбай Колдошевдин ордуна келди.

Буга чейин ал Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин ректору болуп дайындалганы маалымдалган.

Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун эки орун басары дайындалганын өкмөттүн басма сөз кызматы 9-февралда билдирген.

“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык  мыйзамынын 18-беренесине ылайык, Аттокуров Алмаз Анарбекович жана Байдылдаев Мурат Курманбекович Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп дайындалды”, — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Рамис Алыкулов жана  Данияр Исаматов Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басарлары кызматтарынан бошотулган.

Бакыт Жангазиев саламаттыкты сактоо министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары болуп кайра дайындалганын өкмөттүн басма сөз кызматы 9-февралда билдирген.

Бакыт Жангазиев 2020-жылдын июнь айынан 2022-жылдын май айына чейин саламаттыкты сактоо министринин орун басары болуп иштеген.

Буга чейин бул кызматты Нурила Шериева аркалаган.

Аскар Бешимов Кыргызстандын Индиядагы элчиси болуп дайындалганын президенттин басма сөз кызматы 10-февралда билдирген.

Аскар Бешимов 1962-жылы 5-февралда Жалал-Абад облусунда төрөлгөн. 1983-жылы Ош педагогикалык институтундагы физика-математикалык факултьетин «Математика мугалими» кесиби, 1990-жылы Кыргыз экономикалык университетин «Экономист» кесиби боюнча аяктаган.

Буга чейин тышкы иштер министринин орун басары (2005-2008 жана 2012-2016-ж.), Кыргызстандын Малайзиядагы (2011-2012-ж.) жана Кореядагы 2016-2017-ж.) элчиси болуп иштеген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>