Бишкекте чыр: блогер соттук-медициналык экспертизанын кызматкери менен тил табыша алган жокАйыл чарба министрлиги кайра иштетүүчүлөр менен уруксат берүүчү документтерди жөнөкөйлөтүүнү талкууладыЖапаров Бердымухамедов менен жолукту — эмнелер талкууландыКыргызстанда калктуу конуштарда көчмө май куюучу жайларга тыюу салуу сунушталуудаБишкекте 80 млн сомго жаңы терапия бөлүмү курулду — сүрөтЖапаров Борбордук Азия жана Азербайжандын бирдиктүү онлайн соода аянтчасын түзүүнү сунуштады
Коргоо министри менчик аскер компаниялары боюнча пикирин айтты (видео)
14.12.2023 | 13:40
Кыргызстан жеке менчик аскер компанияларын түзүүдөн баш тартат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында коргоо министри Бактыбек Бекболотов билдирди.
Депутат Алишер Эрбаев коомдо менчик аскер компаниялары боюнча талкуу жүрүп жатканын айтып, өлкө Майерс протоколун ратификациядан өткөрбөгөнүн эскертти.
“Бизде менчик аскердик компаниялар болбойт, андан баш тартабыз. Армия азыр кесипкөйлүккө өттү. Мисалы, Баткен аймагындагы бөлүктөрдө жоокерлер жок. Ал жакта жалаң прапорщиктер, офицерлер жана келишим менен иштегендер кызмат өтөйт”, – деди министр.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом