Коронавируска каршы штаб электрондук тамекинин зыянын айтты

Коронавируска каршы штаб электрондук тамекинин зыянын айтты

Электрондук тамекилерди колдонуу ден соолукка олуттуу зыянын тийгизет. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Коронавируска каршы республикалык штаб маалымдады.

Маалыматка караганда, электрондук тамеки жүрөк-кан тамыр жана өпкө ооруларына чалдыгуу коркунучун жогорулатат.

“COVID-19 дем алуу жолдоруна таасирин тийгизгендиктен, электрондук тамекини колдонуу инфекциянын жугуу коркунучун жогорулатат же COVID-19дан жаман натыйжаларды алып келиши мүмкүн”, — деп билдиришти штабдан.

Электрондук тамеки (Вейп) менен тамекинин кандай айырмасы бар?

1) Тамеки буюмдары — никотинди камтыйт. Вейп бул (электрондук система) — никотинди жеткирүүчү система.

2) Вейп аркылуу буу менен дем алуу кадимки тамеки тартуу процессине окшош, ошондуктан ал көп учурда альтернатива катары кабыл алынат.

3) Тамеки — ачуу түтүн чыгарат. Вейп болсо никотин, уулуу заттар жана жыпар жыттуу заттарды камтыган химиялык суюктуктун буусу кийимде, териде жана чачта жагымсыз жыт калтырбайт.

4) Вэйптер тамеки буюмдарына (тамеки, түтүктөр же кальян), башкалары калем, флешка, помада, сувенирдик гитара, мотоцикл, тапанча жана башка окшош. Аппарат көзгө уруна бербейт.

IQOS — нымдалган түтүн, аэрозолдор, курамында никотин бар (тамеки) жылытуу системасы. Тамеки таякчалары тамеки чегүү үчүн колдонулат.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>