Жалал-Абад: 78 стоматологиялык клиниканын иши токтотулду

Жалал-Абад: 78 стоматологиялык клиниканын иши токтотулду

Жалал-Абад облусунун аймагында мыйзамсыз иштеп жаткан стоматологиялык клиникалардын иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, облустун Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунун, Жалал-Абад шаарынын аймагында стоматологиялык клиникалардын (кабинеттердин) ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүлгөн.

«Жүргүзүлгөн иш-чаранын жыйынтыгында, 122 жеке менчик стоматологиялык клиниканын 78и тиешелүү лицензиясы жок иштеп жүргөндүгү аныкталды. Мындан улам, санитардык коопсуздуктун көп сандаган бузуулары (санитария, гигиена, медициналык калдыктарды жок кылуу шарттары ж.б.) катталган. Мындан тышкары, Юридикалык жактын юстиция жана салык органдарында катталбагандыгынын жана көрсөтүлгөн кызматтан түшкөн кирешенин реалдуу көрсөткүчтөрүн жашыруунун фактылары аныкталган», — деп айтылат маалыматта.

Текшерүү учурунда аныкталгандай, адамдардын көпчүлүгүнө протездөө, имплантация, тиштерди жулуу жана башка ушул сыяктуу жогорку адистештирилген стоматологиялык кызматтарды көрсөтүү үчүн тиешелүү сертификаттары, атайын жогорку билими жок стоматологиялык кызматтарды көрсөтүшкөн.

«Жалал-Абад облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун 2021-2022-жылдарга карата маалыматына ылайык, облуста калк арасында В жана С формасындагы вирустук гепатиттин жайылуу тенденциясы байкалган. Алсак, 2021-жылы облуста инфекциянын 1308 учуру аныкталса, 2022-жылы бул көрсөткүч 1979 учурга көбөйгөн. Ошол эле учурда стоматологиялык кызмат кан аркылуу жугуучу вирустук оорулардын таралышынын мүмкүн болуучу факторлорунун бири катары каралат», — деп билдирет УКМК.

Учурда бул клиникалардын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулуп, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин, салык кызматы жана башка ведомстволордун кызматкерлеринен турган комиссия түзүлгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>