Мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев эки айга камалды

Мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев эки айга камалды

Мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, анын баш коргоо чарасы 17-мартта каралып, сот аны 15-майга чейин камакка алуу чечимин чыгарган. Ал №1 тергөө абагында камакта болот.

Эскерте кетсек, Зилалиев УКМК тарабынан 16-мартта кармалган. Атайын кызматтан билдиришкендей, ал 2017-жылы ыйгарым укуктарына таянып, пайдалуу кендери бар жерлерге лицензия берүү маселесин чечип берүүнү убада кылып Б.Р. аттуу жарандан 50 миң доллар алганы аныкталган. Бирок айтылган убадаларын аткарбай, алган акчаны кайтарып берген эмес.

Зилалиев 2010-жылдан 2017-жылга чейинки мезгилде бир катар мамлекеттик кызматтарда: Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары, Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин директору, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы, вице-премьер жана Мамлекеттик мүлк фондунун жетекчиси болуп иштеген.

Дүйшөнбек Зилалиевге карата 2018-жылы Кылмыш жаза кодексинин 228-беренеси («Террорчулук актысы боюнча жалган маалымат берүү») боюнча кылмыш иши козголгон. Бул иш боюнча Биринчи май райондук соту аны үч жылга шарттуу кескен.

2020-жылы ал «мыйзамсыз баюу» боюнча соттолуп, бирок 2021-жылдын июнь айында Жогорку сот ага чыккан өкүмдү жокко чыгарган. Иш кайра кароо үчүн Биринчи май райондук сотуна жөнөтүлгөн.

Ал 2022-жылы январда үй камагына чыккан.

Мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев кармалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>