Бишкекте майыптыгы бар балдар үчүн жайкы спорттук машыгуулар уюштурулду«Асман Эйрлайнс» Ысык-Көл менен Баткендин ортосундагы алгачкы түз каттамды аткардыЭмгек министрлиги: Жыл башынан бери 7 миңден ашуун үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдүУлуттук тарых музейи менен Франция музей адистерин биргелекте окутатКыргызстан менен Кытай 11 биргелешкен долбоорду ишке ашырууну талкуулашты2026-жылы КРСУну 1000ден ашуун студент аяктады: бүтүрүүчүлөр жана жумушка орношуу көрсөткүчтөрү
Көз карандысыз медианы мамлекеттик фонд аркылуу каржылоо каралууда
04.03.2024 | 16:32
Жалпыга маалымдоо каражаттарын колдоо фонду түзүлөт. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин бюджет комитетинин жыйынында маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгулов билдирди.
Анын айтымында, фонд көз карандысыз медиага дагы финансалык каржылоо көрсөтөт.
Чыңгыз Эсенгуловдун маалыматында, өлкөдө 2 миң 700дөн ашык медиа бар. Алардын баары эле ЖМК катары катталган эмес.
Маалымат каражаттары тууралуу мыйзам долбоор кабыл алынып калса, катталбаган жана КРда аккредитациядан өтпөгөн медиалар менен мамлекеттик органдар иштетпейт.
Акыйкатчы “ММК жөнүндө” мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгууну сунуштады
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом