Түркия: Урандынын алдынан үч өзбекстандык аман табылды

Түркия: Урандынын алдынан үч өзбекстандык аман табылды

Түркиядагы жер титирөөдөн кийин урандылардын алдынан үч өзбекстандык тирүү табылды. Бул тууралуу Өзбекстандын Түркиядагы консулдугу билдирди.

Маалыматка ылайык, Кахраманмараш районунда жер титирөөдөн кийин дайынсыз болуп жаткандардын бири Рашид Бойбеков табылды.

Андан тышкары Малатия районундагы урандылардын алдынан 27 жаштагы Акрамжон Хошимов чыгарылып, ушул тапта ооруканада дарыланууда. 41 жаштагы Асал Шотирбекова Хатай районунда куткарылды.

Мурдараак жер титирөө болгон аймактарда 13 өзбекстандык жаран дайынсыз болуп жатканы, 17 өзбекстандык эвакуацияланганы кабарланган.

Түркияга барган өзбекстандык куткаруучулар урандылардын алдынан жарадар болгон 15 кишини жана 43 сөөктү алып чыгышты.

9-февраль күнү эртең менен гуманитардык жүк жүктөлгөн кезектеги учак Өзбекстандан Хатай районуна конду. Зилзала болгон аймакта Өзбекстандын Коргоо министрлигинин медицина кызматкерлери, медикаменттер, керектүү жабдуулар жеткирилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>