Кожобек Рыспаев: Профсоюз уюмдарындагы бир топ кылмыштуу иштерди ачыкка чыгарганбыз

Кожобек Рыспаев: Профсоюз уюмдарындагы бир топ кылмыштуу иштерди ачыкка чыгарганбыз

Биз профсоюз уюмдарындагы бир топ кылмыштуу жосундарды ачыкка чыгарганбыз, тилекке каршы, тийиштүү чаралар көрүлгөн жок. Мындай пикирин депутат Кожобек Рысбаев бүгүн, 5-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында айтты.

Кожобек Рысбаев Жогорку Кеңеште профсоюздардын ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүлгөнүн да белгиледи.

«Атайын түзүлгөн депутаттык комиссия Кыргызстандын профсоюз уюмдарында орун алган бир топ кылмыштуу жосундарды ачыкка чыгарып, ага тиешелүү кызмат адамдарынын ысымдарын атаганбыз. Тилекке каршы, укук коргоо органдары тарабынан ушул кезге чейин тийиштүү чаралар көрүлгөн жок, аны бири-бирине шылтап, бири-бирине оодарып келет», — деп айтты ал.

Эл өкүлү Өкмөт ушул ишти дагы бир жолу иликтеп, карап чыгуусун сунуштап, чындыгында эле профсоюз уюмунда жогорку айлык алган кызматкерлер отурарын белгиледи.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>