КР Саламаттык сактоо министри Россиянын алдыңкы кардиохирургдары менен жолугушту
Бүгүн, 15-майда Бишкек шаарында саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов жүрөк-кан тамыр медицинасы жаатындагы Россия Федерациясынын алдыңкы адистеринин делегациясы менен жолугушуу өткөрдү. Бул сапар «Заманбап кардиохирургия — академик И.К. Ахунбаевдин мурасы» аттуу IX Эл аралык илимий-практикалык конференциясынын ачылышына туш келди.
Диалогдун жүрүшүндө тараптар кардиохирургия кызматын өнүктүрүүнү жана Кыргызстандын клиникаларына инновациялык технологияларды, анын ичинде жасалма интеллектти жана аз инвазивдүү дарылоо ыкмаларын киргизүү маселелерин талкуулашты. Делегациянын курамында РФтин Пермь, Томск, Астрахань жана башка шаарларынан келген федералдык борборлордун жана илим-изилдөө институттарынын (ИИИ) жетекчилери бар. Дамир Осмонов мындай кызматташтык кадрларды даярдоо жана медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын баса белгиледи.
Конференция 17-майга чейин уланат. Ага Кыргызстандын, Россиянын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Сауд Арабиясынын эксперттери катышууда. Иш-чара илимий жетишкендиктер менен алмашуу жана жүрөк-кан тамыр ооруларына каршы күрөшүүдө эл аралык өз ара аракеттенүүнү чыңдоо үчүн негизги аянтча болуп калмакчы.