Кыргызстан Татарстан менен аймактар аралык байланыштарды кеңейтүүнү көздөйт

15.05.2026 | 11:06

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Татарстандын раиси Рустам Минниханов менен жолугушуп, кыргыз-татар кызматташтыгын талкуулашты. Жолугушуу Казань шаарында өтүп жаткан «Орусия — Ислам дүйнөсү: KazanForum 2026» экономикалык форумунун алкагында өткөн.

Жолугушууда тараптар туризм тармагындагы, анын ичинде тоо лыжа туризмин өнүктүрүү боюнча кызматташууну карашкан. Анда туристтик инфраструктураны түзүү боюнча тажрыйба алмашуу маселеси көтөрүлгөн.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматында, жолугушууда Данияр Амангелдиев Кыргызстан Татарстанды экономикалык өнөктөштөрдүн бири катары көрөрүн жана аймактар аралык байланыштарды кеңейтүүгө маани берерин билдирген.

Ал татарстандык тарапты Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, ошондой эле ушул жылдын июнь айында Чолпон-Ата шаарында өтө турган Ысык-Көл эл аралык форумуна катышууга чакырган.

Ал эми Рустам Минниханов соода тармагындагы мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыруу үчүн иштөөгө даяр экенин билдирген. Ошондой эле Кыргызстандын биоартүрдүүлүктү жана бийик тоолуу экосистемаларды коргоо жаатындагы демилгелерин колдой тургандыгын билдирген.

Scroll to Top