Криштиану Роналду расмий оюндарда киргизген голдордун саны боюнча Пеледен ашканын билдирди

Криштиану Роналду расмий оюндарда киргизген голдордун саны боюнча Пеледен ашканын билдирди

Ал өз сөзүндө жалпы күйөрмандарына, командалаштарына жана үй-бүлосүно ыраазычылык билдирип, аларсыз бул ийгиликке жете албасын билдирген.

“Ювентус” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналоду футбол легендасы Пелени артта калтырып тарыхта мыкты бомбардир болгонун жар салды.

“Бүгүн, мен карьерамдагы расмий 770 гол киргизген көрсөткүчкө жеттим, мен биринчи кезекте Пелеге кайрылам. Дүйнөдө анын оюндары тууралуу укпаган, голдор жана жетишкендиктери жөнүндө угуп чоңойбогон оюнчу жок, мен дагы алардын катарындамын. Ушул себептен мени дүйнөлүк бомбардирлердин сабында Пелени ашып өтүп, мен Мадейреде жүргөндө мындайды кыялдана албаган биринчи орунга алып чыккан голдор үчүн кубанып жана сыймыктанып турам”, — деп Роналду билдирүү калтырган.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Cristiano Ronaldo (@cristiano)

Өз кезегинде бразилиялык футболдун падышасы Пеле расмий оюндарда анын голдорунун рекордун жаңылаган Роналдуну куттуктап, аны менен сыймыктанарын жазды.

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Pelé (@pele)

Белгилей кетсек, футбол боюнча Италия чемпиондугунун 27-турунда “Ювентус” жана “Кальяри” командалары беттешип, Криштиану Роналду 3 гол киргизди. Жыйынтыгында анын командасы 1:3 эсебинде жеңишке жетти.

Муну менен португалиялык футболчу расмий оюндардагы 770чи голун киргизип, 767 гол киргизген Пеленин рекордун басып өттү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>