Кумаркана ачуудан бюджетке канча каражат түшөт? Жапаровдун жообу

Кумаркана ачуудан бюджетке канча каражат түшөт? Жапаровдун жообу

Бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кумарканаларды кайра ачуу боюнча мыйзам долбоору парламент тарабынан колдоо тапса, республикалык бюджетке канча киреше түшөрүн айтты.

Анын айтымында, «Оюн-зоок иши жөнүндө» мыйзам долбоорунун максаты — инвестицияларды тартууну стимулдаштыруу жана республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү үчүн шарттарды түзүү.

“Парламент тарабынан бул мыйзам долбоору кабыл алынган учурда республикалык бюджетке жылына 1-2 миллиард сомго чейин киреше түшөт деп жатабыз. Министрлер кабинетинин антикризистик планы 123 млрд. сом деп бекиткен. Бул каражаттын ичинен 1-2 млрд. сомго чейинки киреше оюн-зоок ишмердүүлүгөн түшөт деген эсептөөбүз бар”, — деди Жапаров.

Жыйында кумарканаларды кайра ачуу боюнча мыйзам долбоору каралып жатат. Буга чейин президент Садыр Жапаров аталган мыйзамды колдоп, кумарканаларды Ысык-Көл облусунда гана эмес, Кыргызстандын бардык аймагында ачууну сунуштаган.

Тэги: казино

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>