Курал колдонуу үчүн эми сынактан өтүү керек. Жаңы эрежелер бекитилди

Курал колдонуу үчүн эми сынактан өтүү керек. Жаңы эрежелер бекитилди

Министрлер Кабинетинин «Мамлекеттик жана кызматтык курал менен коопсуз пайдалануунун эрежелерин, окутуу программасын жана текшерүүнүн тартибин бекитүү тууралуу» токтому бекитилди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков билдиргендей, документте биринчи жолу спорттук ок атуучу куралдарды, аңчылык куралдарын, өзүн-өзү коргоо куралдарын жана ыргытуучу куралдарды сатып алган адамдар жашаган жери боюнча куралды коопсуз колдоно билүү боюнча  ИИМдин сынагынан өтүшү керек.

Ошондой эле куралдын ээлерин жана колдонуучуларын даярдоо эрежелер боюнча жүргүзүлөт. Ага куралдын тактикалык-техникалык касиеттерин, биринчи медициналык жардам көрсөтүүнүн негиздерин, практикалык ок атууну, куралды сактоо, алып жүрүү, ташуу жана каттоо тартибин бузгандыгы үчүн жоопкерчиликти окуп үйрөнүү кирет.

«Куралдын ээлерин жана колдонуучуларды окутуу тиешелүү лицензиясы бар билим берүү уюмдарында жүргүзүлөт. Текшерүүдөн оң натыйжа алган жаран белгиленген формадагы окуу программасын аяктагандыгы жөнүндө сертификат алат.

Бул программа Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерин, анын ичинде куралды пайдалануунун маданиятын, куралдарды алып журүүнүн, сактоонун жана ташуунун талаптарын жарандар жана колдонуучулар тарабынан сактоодогу жоопкерчиликке багытталган»-деди ички иштер министри Улан Ниязбеков.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: курал

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>