Күч бирдикте! Кыргызстандыктар Баткенге жардам жөнөтүүдө — видео

Күч бирдикте! Кыргызстандыктар Баткенге жардам жөнөтүүдө — видео

Кыргыз-тажик чек арасында жабыркаган жарандарга гуманитардык жардам чогултуу штабы өлкөнүн бут аймагында ачылып, кыргызстандыктар Баткенге жардам чогултууда.

ӨКМ 18-сентябрь саат 14:00гө карата билдиргендей, Баткен облусуна жалпы 215.5 тонна гуманитардык жардам жеткирилди.

Анын ичинен 154.7 тонна гумжардам Раззаков шаарына, Достук айылына, Сүлүктү шаарына, мындан сырткары Кыштут, Боз-Адыр, Бужум, Ак-Сай, Кара-Булак, Айгүл-Таш, Бөжөй, Чоң-Кара, Чет-Булак айылдарына таратуу үчүн жөнөтүлгөн. Ал ал эми Маргун жана Лейлекке жардам жеткирилген.

Республика боюнча гуманитардык жардамдарды чогултуу үчүн, жалпы 188 пункт ачылган. Алар: Ош облусунда — 44, Жалал-Абад облусунда – 12, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 69, Талас облусунда – 43, Чүй облусунда – 12, Ош шаарында — 1, Бишкек шаарында – 1.

Ушул тапта өлкөнүн бардык аймактарында ыктыярчылар тынымсыз жардам чогултуу менен алек. Бишкек шаарындагы Спорт сарайында 24 саат бою уюшулган борборго келгендер арбын.

Ош шаарынан жардам

Ош шаарынын борбордук аянтында Баткен элине гуманитардык жардам чогултулуп, улам жөнөтүлүп жатат. Атайын түзүлгөн комиссиянын катарында ыктыярчылар да бар. Ош облусунун ар тарабынан келген жарандарыбыз өз салымдарын кошууда.

Чүйдө чогулган жардам Баткенге сапар алды

Баткен элине гуманитардык жардам Чүй облусу боюнча чогултулууда. Облус аймагында гуманитардык жардамды 12 пункт кабыл алууда. Топтолгон азык-түлүк топтому, күнүмдүк жашоодо колдонула турган каражаттар жана кийим-кече 9 жүк ташуучу фурага жүктөлүп, Кара-Балта шаарынан Баткен облусуна сапарга аттанды.

Нарын облусунан Баткенге жардам

Баткендин жабыр тарткан элине жардам катары Нарын облусу боюнча мекеме-ишканалардын кызматкерлери 1 күндүк айлык акысын которушту.

Мындан сырткары 48 кой, 17,8 тонна картошка, 100 кг буудай, 50 кг кесме, 20 литр өсүмдук майы, 10 коробка чай облустагы райондордун элинен чогултулду.

Талас элинен Баткенге жардам

Баткендеги кырдаалга байланыштуу, жабыркаган жарандарга Талас облусунун 4 районунда 22 гумжардамдарды чогултуучу пункт ачылып, ӨКМдин коштоосунда Баткенге жолго чыгуусу күтүлүүдө. Аймакта азык-түлүк жана саат 15:00гө карата 850000миң сом акча каражаты чогулду.

Ысык-Көл облусунан Баткенге жардам

Баткен облусундагы жабыркаган жарандарга жардам көрсөтүү максатында, Ысык-Көл облусу боюнча жалпы 69 пункт ачылып, гуманитардык жардам чогултуу уланууда.

Азык-түлүк, кийим-кече жардам иретинде чогултулган жардам 7 жүк ташуучу унаага жүктөлүп, Баткенге жиберилди.

Жалал-Абаддан жардам

Облустун аймагында жалпы 13 штаб иштеп жатат. Ар бир штабка ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгын район шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы бөлүнүп, алынып келген жардамды кабыл алуу жана жеткирүү иштерин колго алышууда.

Учурда Баткен жерине тамак-аш жана кийим кечелер жергиликтүү тургандар жана жеке ишкерлер тарабынан берилүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>