Тажикстандын агрессиясы: Чыгымды эсептөө иштери башталды

Тажикстандын агрессиясы: Чыгымды эсептөө иштери башталды

Тажикстандын агрессиясынын айынан Баткен облусунда келтирилген зыянды эсептөө боюнча комссия ишин баштады. Бул тууралуу маалымат жыйында облус башчысынын биринчи орун басары Маруфхан Тулаев билдирди.

Анын айтымында, комиссия бүгүн, 18-сентябрда түзүлдү.

«Жабыркаган объекттерди, жарандардын тонолуп-уурдалган мал-мүлкү боюнча атайын комиссия түзүлүп, ишин баштады. Бизге өкмөттөн бир жумалык убакыт берилди. Биз ушул убакытта жетишкенге аракет кылабыз», — деди ал.

Эскерте кетсек, 16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуп, Тажикстандын агрессиясынын аркасында куралдуу кагылыш башталган. УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет көрүп жатканын билдирген. Кагылышты токтотууга аракеттер көрүлүп, эки өлкөнүн УКМК башчылары, президенттери ортосунда ок атууну токтотуу боюнча макулдашуулар болгон. Ага карбастан ок атышуулар дээрлик түнгө барып басылган. Расмий бийлик органдары 17-сентябрга караган түн тынч өткөнүн кабарлаган.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдын айынан аскер жана жай тургундар арасында курман болгондор бар экенин билдирген.

17-сентябрь күнү чек арадагы абал чыңалуу бойдон калды. Тажикстандын аскерлери ок атышууну токтотуу тууралуу макулдашууларды бузуп, Баткендеги айылдарды (Достук, Паскы-Арык) жана Ош облусунун Чоң-Алайдагы кыргыз чек арачыларынын позицияларын аткылады.

18-сентябрга караган түн да тынч өттү. Саат 14:00гө карата УКМК билдиргендей, кыргыз-тажик чек арасындагы абал тынч бойдон калууда жана турукташуу тенденциясы бар.

Акыркы маалыматтар боюнча Тажикстандын баскынчылыгынан Кыргызстан тараптан 37 адам каза болду. Ошондой эле жарадар болгондордун саны 130дан ашат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>