Кыргызстанда бир катар айылдардын аталышы өзгөртүлөт. Президент мыйзамга кол койду

Кыргызстанда бир катар айылдардын аталышы өзгөртүлөт. Президент мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдарын кайра атоо жөнүндө» мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мыйзам 2023-жылдын 29-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан улуттук идеологияны өнүктүрүү жана чыңдоо, мамлекеттик кызыкчылыктарды, ошондой эле географиялык, тарыхый, улуттук, турмуш-тиричилик жана башка жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен мурда жана азыр кеңири белгилүү болгон географиялык аталыштарды Кыргызстандын айыл аймактарына жана айылдарына кайра кайтаруу максатында кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзамда Кыргызстандын айыл аймактардын аталыштары төмөнкүдөй болуп алмаштырылат:

— Баткен облусунун Кадамжай районунун Көтөрмө айыл аймагы — Молдо Нияз;

— Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Назаралиев айыл аймагы — Үч-Коргон;

— Ысык-Көл облусунун Семёнов айыл аймагы — Кожояр;

— Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Дөш айылы — Тынчтык;

— Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Дүкүр айылы — Достук;

— Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Чек айылы — Ынтымак;

— Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Комсомольское айылы — Кытай;

— Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Семёнов айылы — Кожояр-Ата.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>