Кемпир-Абад иши: Эрлан Бекчороев камакта калтырылды

Кемпир-Абад иши: Эрлан Бекчороев камакта калтырылды

Бүгүн, 16-февралда Кемпир-Абад иши боюнча кармалган Эрлан Бекчороев апрелге чейин камакта калтырылды. Бул тууралуу укук коргоочу Азиза Абдирасулова Фейсбуктагы баракчасына Биринчи май райондук соту чечим чыгарганын жазды.

Буга чейин, бүгүн Мамбетжунус Абылов, Атай Бейшенбек жана Айданбек Акматов 20-апрелге чейин №1 тергөө абагында камакта калтырылган.Ал эми, Талант Эшалиев 20-апрелге чейин үй камагында калтырылган. Ал былтыр 22-октябрда активисттер менен саясатчылар кармалганда, ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.Эскерте кетсек, 2022-жылы 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган.13-декабрда да сот болуп, аларды 20-февралга чейин абакта калтырды.Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.Буга чейин аталган иш боюнча камалгандардан Мамбетжунус АбыловПеризат Суранова жана Равшан Жээнбеков ооруканага жаткырылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>