Кыргыз-өзбек бизнес-форумунда кол коюлган 11 документтин тизмеси

26.01.2023 | 15:47

Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү жана өнүктүрүү багытында “Кыргызстан – Өзбекстан” бизнес-форумунун жүрүшүндө 168 млн долларлык 11 документке кол коюлду. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Документтердин тизмеси:

– Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги менен Өзбекстандын Айыл чарба министрлигинин ортосунда Агроөнөр жай комплекси тармагында кызматташуу боюнча “Жол картасы”;

– Кыргызстандын президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен Өзбекстандын “Art Soft Holding” ЖЧК ортосунда суммасы 30 млн долларлык Жалал-Абад облусунда текстиль өндүрүшүн түзүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

– Кыргызстандын президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү менен Өзбекстандын “Baxodir Log‘on Tekstil” ЖЧК (Фергана облусу) ортосунда суммасы 8 млн долларлык булгаары өндүрүү жана кайра иштетүү боюнча кызматташуу, ошондой эле Нарын облусунда картошка өстүрүү боюнча айыл чарба кластерин уюштуруу жөнүндө меморандум;

– Кыргызстандын Ош облусунун Чоң-Алай районунун мамлекеттик администрациясы менен Өзбекстандын “Baxodir Log‘on Tekstil” ЖЧК (Фергана облусу) ортосунда картошка өндүрүү боюнча кластер, мал чарба комплексин түзүү боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуу;

– Кыргызстандагы “Бай Дыйкан” ЖЧК менен Өзбекстандагы “Узкимёимпекс” КБ ортосунда суммасы 20 млн долларлык инвестициялык курулуш долбоорунун алкагында биргелешкен өнөктөштүк жөнүндө Кыргызстанда кальций карбидин өндүрүү боюнча комплексин куруу меморандум;

– Кыргызстандын “Бай Дыйкан” ЖЧК менен Өзбекстандын “Golden Corn” ЖЧК ортосунда суммасы 100 млн долларлык Өзбекстан Республикасына Кыргыз Республикасынын жүгөрү данын жеткирүү келишим;

– Кыргызстандын “ТНК” Дастан” ААК менен Өзбекстандын “Тошэлектроаппарат” ЖЧК ортосунда Кыргыз Республикасында электр энергиясын эсептөө приборлорун чогултууну уюштуруу боюнча өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандум;

– Кыргызстандын  “Элет Байтерек” ЖЧК менен Өзбекстандын  “Узпромстройматериалы” ассоциациясы ортосунда базальт ташын кайра иштетүүчү заводун куруу боюнча меморандум;

– Кыргызстандын Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен Өзбекстандын “Узавтосаноат” акционердик коому ортосунда компаниянын продукциясын Кыргызстанда сатуу боюнча кызматташуу меморандум;

– Кыргызстандын Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен Өзбекстандын “UzXCMG” ЖЧК ортосунда компаниянын продукциясын Кыргызстанда сатуу боюнча кызматташуу меморандум;

– Кыргызстандын “Кыргыз Эко Экспорт” ЖЧК менен Өзбекстандын Жайыттарды өнүктүрүү ассоциациясы ортосундагы суммасы 10 млн долларлык Кыргызстандан Өзбекстанга айыл чарба продукциясын жана малды жеткирүү келишим.

[image_carousel source=”media: 175215,175216,175217,175218″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Scroll to Top