Президент өзү окуган гимназияга барып, мугалими менен жолукту

Президент өзү окуган гимназияга барып, мугалими менен жолукту

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-сентябрь — Билим күнүндө Бишкек шаарында өзү окуган А.Каниметов атындагы №1 интернат-гимназияга барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, №1 интернат-гимназия 1956-жылы негизделген. Мекеме негизделгенден бери интернаттын имаратында капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Былтыр Садыр Жапаров интернатта капиталдык оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүнү тапшырган.

Жапаров өзү бул интернат-гимназияда 9-10-класста окуган. Окуу жайда ал окуу имараттарынын оңдоо иштеринен кийинки абалы жана окуу жайдын ишмердүүлүгү менен таанышып, эмгек жамааты менен да баарлашкан.

«Садыр Жапаров интернатта өткөргөн күндөрү, алган билими анын бойго жеткен жашоосунда жана пайда болгон кыйынчылыктарды жеңүүдө кандай жардам бергени тууралуу айтып берди», — деп айтылат маалыматта.

Эмгек жамааты менен баарлашууда Жапаров мектеп мугалимдерин эскерип, жолугушууга катышып жаткан тарбиячысы Шайыр Бегалиевага кесипкөйлүгү жана эмгекти сүйгөндүгү үчүн ыраазычылык билдирген.

«Жарандардын билими мамлекеттин өнүгүшүнүн эң маанилүү пайдубалы жана бул пайдубал мектепте түптөлөт. Көп нерсе мугалимден көз каранды, балдарга берилген билим адам катары калыптанышына жардам берип, келечекке жол ачат. Билимдүү жаштар ар дайым ийгиликтерге жетип, мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошот. Өз кезегинде мамлекет ар бир жаран татыктуу билимге ээ болушу үчүн билим берүү тармагында реформаларды жүргүзүп жатат», — деди ал.

Учурдан пайдаланып, Садыр Жапаров тарбиячысы Шайыр Бегалиевага келечек муундун билим алуусу жана өсүп-өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, акчалай сертификат тапшырган.

Ал ошондой эле мугалимдерге келечекте бюджеттик кызматкерлердин эмгек акысын дагы жогорулатуу боюнча пландар бар экенин айткан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>