Кыргыз сомуна 30 жыл. Бишкекте жарыш өттү

Кыргыз сомуна 30 жыл. Бишкекте жарыш өттү

Бишкекте 14-майда Кыргызстандын улуттук валютасы – сомдун жүгүртүүгө киргизилишинин 30 жылдыгына арналган жарыш болуп өттү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Жарыш «Адинай» жана «Ынтымак» парктарында өтүп, ага Улуттук банктын, микрофинансылык уюмдардын кызматкерлери жана өнөктөштөр болуп, жалпы 750дөн ашык адам катышкан.

Жарыштын жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев жеңүүчүлөргө жана байге ээлерине грамоталарды жана эстелик белектерди тапшырган.

«Иш-чаранын негизги максаты — сергек жашоо образын жайылтуу жана финансы секторунун кызматкерлерин дене тарбия жана спортко активдүү тартуу саналат болуп саланат» — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстандын улуттук валютасы – сомго 30 жыл толду. 1993-жылдын 10-майында Кыргызстан постсоветтик өлкөлөрдүн ичинен биринчилерден болуп өз валютасын киргизген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>