Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атышуу болду

Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атышуу болду

Кыргыз-тажик чек арасында бүгүн, 14-июнда кайрадан ок атышуу болду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, саат 6:50 -7:00 чамасында Баткен районунун Булак-Башы деген жеринде Тажикстандын «Кех» чек ара посту тарабынан «Булак-Башы» посту тарабына ок атуу болгон. Кыргыз тараптан дагы жооп иретинде тажик тарапты көздөй ок атылган.

Окуя болгон жерге эки өлкөнүн чек ара отряддарынын башчылары чыгышкан. Саат 7:50дө тажик тарап гранатомет жана минометторду колдонуу менен кайрадан ок атышууну баштаган. Саат 8:10до ок атышуу токтогон. Учурда эки өлкөнүн өкүлдөрүнүн жолугушуусу өтүп жатат.

Саат 8:40ка алынган маалымат боюнча кыргы-тажик чек арасындагы абал чыңалуу бойдон калууда.

Буга чейин 3-июнда кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болуп, Кыргызстандын эки жоокери жаракат алышкан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>